Кара-Балтада 19 жаштагы кызды экинчи кабаттан ыргытып жиберген
19 жаштагы Кара-Балта шаарынын Нина Манаева аттуу тургуну президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, ага карата зомбулук көрсөткөн жаранды жоопкерчиликке тартууну өтүндү. Бул тууралуу "Вентус" коомдук бирикмесинин социалдык тармактагы баракчасында жазылат.
Ага ылайык, 2020-жылдын 15-февралында анын Антон аттуу таанышы кызуу абалда экинчи кабаттан ыргытып жиберген. Жабырлануучу омурткасынан жаракат алып, биринчи топтогу майып болуп калган.
Жабырлануучу Жайыл РИИБи кылмыштын бетин ачпай жатканын айтып, соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна макул эместигин билдирген.
"Мен сизге жардам сурап кайрылып жатам, менин ишимди кылдат карап берүүңүздөрдү суранам. Сизге буга чейин дагы кыйрылдым эле. Биз экспертизанын жыйынтыгын алдык жана мен анын корутундусу менен эч кандай макул эмесмин. Менин боюм ал жакта документте көрсөтүлгөн сан менен туура келбейт. Менин боюм 162, ал жерде 175 деп жазылган. Балкондо эч кандай стол болгон эмес. Менин көрсөтмөлөрүмө көңүл бурбай жатышат. Сизден суранам, бул ишти чечип бериңиз, ал жерде коррупция бар" деп айтылат кыздын кайрылуусунда.
Жабырлануучу бир ай ооруканада жатып, оор операцияны башынан өткөргөн. Учурда ал төшөктө жана майыптар отуруучу коляскага дайыма отуруп калуусу мүмкүн.
“Супер кж”