Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качкын Булатов: “Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгону эң туура болду”

Качкын Булатов: “Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгону эң туура болду”

03-январь, 08:55
2 642 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Качкын мырза, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага УКМК кылмыш ишин козгогону сот бийлигин кысымга алуу, аша чабуу эмеспи?

-- УКМКнын Жогорку соттун төрайымынын үстүнөн кылмыш ишин козгогону эң туура иш болду. Себеби, андан мурун соттордун айлыгын көбөйтүп, эл аралык гранттарды берсе дагы, соттор акча алгандан өйдө болбой, оңолуу аракетин көрүшкөн эмес. Ошон үчүн УКМК Жогорку соттун төрайымы экенине карабай Гүлбара Калиевага кылмыш ишин козгоп, тергөөгө алганы мактоого арзырлык иш болду. Анткени, соттор эбак эле мыйзам ченеминен чыккан иштер менен алек болуп калган. 

-- Бирок, Жогорку соттун төрайымы коюлган айыптарды четке кагууга аракет кылып, БУУга чейин кайрыла турган уюмдар чыгып жатат го? Алар Гүлбара Калиеванын былык иштерин ачыкка чыгарбоонун аракетин көрүп жатабы, же аны каматпай калуунун айласын издеп жатышабы?

-- Гүлбара Калиева “камалбай калайын” деп жандалбастап, мурда чогуу иш кылган активисттерге кайрылып, БУУга чейин маселесин көтөртүүнүн аракетин көрүүдө. Сыягы, кылмыш иштерден кутулуунун амалын жасап жатышат окшойт. Бирок, укук коргоо органдары да анын кылмыштары болгон үчүн, факты бар үчүн кылмыш ишин козгосо керек. Алар айткандай, эл аралык уюмдар берген акча үчүн эле “кылмышкер” кылып жатышпаса керек.

-- Соттор да адилетсиз чечимдери үчүн жооп бере турган мезгил келдиби?

-- Адилетсиз чечимдери үчүн сотторго кылмыш ишин козгоону Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин эмгеги десек болот. Анткени, соттордун адилетсиздигине кабылгандар көп. Соттор акчалуу адамдардын гана сөзүн сүйлөп, ошолорго ыңгайлуу чечимдерди чыгарышчу. Тагыраагы, коррупционерлер сотторду колго алып койгондуктан, аларды камаган чечим чыгарышчу эмес. Анан алар андай кызматтары үчүн кичинекей каражат алышпайт, чоң акчаларды алышат. Алтургай кээ бир соттор иштеп жаткан компанияларды дагы тартып алган учурлары болгон. Ташиевдин аракетин аягына чейин чыгарыш керек. Башкы прокуратура кошо көмөктөшүп, мыйзамсыз чечим чыгарып, пара менен иш бүткөргөн сотторду жоопко тартууга жардам бериши зарыл. Анткени, соттордун да өтө чоң кылмыштары бар. Буга чейин акчалуулардын акчасын алып, элдин канын соруп жүрүшкөн.

-- Жаңы бийликтин аракеттери купулуңузга толуп жатабы?

-- Садыр Жапаровдун программасы, Камчыбек Ташиевдин коррупция менен күрөшү купулума толуп жатат. Садыр Жапаров шайлангандан кийин да коррупция менен күрөш күч аларына үмүт артып жатам. Анткени, Камчыбек Кыдыршаевич үч айда эки миллиарддан ашык сом түшүрдү, эми үч миллиард сомдон кайрый турганын айтты. 150 миллиондук товары үчүн ишкерлер 5 миң сом салык төккөнү уят да. Эми салыкты жашырып жүргөндөрдү дагы камаш керек. Маселен, чоң базардагы салыктарды жашырганы үчүн салыкчылар байып жатат. Кыскасы, бажы менен каржы полициясындагы салык бекиткендердин баарын камаса, ошондо адилеттүүлүк орун алат. 

-- Неге Абдил Сегизбаев “Садыр Жапаровго каршы маалыматтар, фактылар бар” деп жатат? Эгер ал маалыматтары бар болсо, Садыр Жапаров камалганда эле жарыялайт эле го?

-- Абдил Сегизбаев убагында Садыр Жапаровго жасалма кылмыш ишин козгогонун элдин баары билет. Ал тууралуу маалыматы бар экени чын болсо, ошондо эле айтып, кылмыш ишин козгогондо колдонушмак. Азыр элдин оюн өзгөртүүгө чамынууда, кыскасы, суу кечпеген сөздөрдү айтып, элдин башын айлантуунун аракетин көрүп жатат. 

Чынында Сегизбаев Атамбаев камалганда эле камалышы керек болчу. Бирок, Сооронбай Жээнбековдун кылмышка аралашкан иштерин билгени үчүн камалган эмес. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер