Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачууда, алдыда дагы канча “акулалар” бар?

Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачууда, алдыда дагы канча “акулалар” бар?

31-декабрь, 23:49
2 915 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, 100 миң долларлык “джиптерде” жүрөрүн, хансарайларда жашай турганын айтты. Карапайым калк тишинин кирин соруп жашап жатканда бул көрүнүш кандай? Анан калса, алардын шубасы 5 миң доллар, өтүгү миң доллар экенин да жашырган жок. Соттордун адилетсиз, мыйзамсыз чечимдерди чыгарышканы пара алууга байланыштуубу? Деги эле Ташиев тоңгон музду жара алабы? Же ириген системанын курмандыгы болобу?..” деген собол узаттык. Бу жолу элге таанымал жактоочулар Майрамбек Жумабеков, Канат Хасанов жана Мунарбек Супатаевдер жооп беришти. 

Канат Хасанов, жактоочу:

-- Эми ачыгын айтыш керек, көптөгөн жактоочулардын жана сот системасындагы катардагы кызматкерлердин байкоосунда, судьялар чындап эле Камчыбек Ташиев айткандай, бери дегенде 50 миң долларлык машине минип жүрүшөт. Жашаган жерлери эки-үч кабаттуу чоң хансарайда же баардык шарттары менен кымбат батирлерде күн кечиришет. Балдары чет өлкөлөрдө же бизде карапайым үй-бүлө баш багалбаган ЖОЖдордо окушат. Бул боюнча бир кезде коомчулукка жар салып: “Булар мындай акчаны кайдан табышат? Эмне үчүн булардын жашоолору майталкан?” деп жазып, айтып чыккам. Бул боюнча жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич чара көрүп баштаганы көзгө көрүндү. Менимче, эгер ушул темп менен алдыны көздөй кетип отурса, коррупция менен шугулданган бир канча сотторду камакка алчусун камакка алып, “кустурчусун кустурат”. Ошону менен бирге сот системасында алдыга жылыш болот (!) деген үмүттөмүн. Муну эмнеге ишенимдүү айтып атам? Өз көзүм менен көрүп, мындай иштерге аралашып жүрөм,  реалдуу “акулаларды” кармап атат.

Майрамбек Жумабеков, жактоочу:

-- УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жогорку трибунадан “жүз миң доллар турган “джиптерде” жүрөт, кийген шубалары эле 5 миң доллар, баланча-түкүнчө” деп айтканы бир аз туура эмес болуп калды. Соттор куру доомат катары эле кабыл алышты. Чоң кызматта турган киши мындай сүйлөбөш керек эле да. Эгер конкреттүү түрдө “судья Акматовго иш козголуп, соттун чечими чыкты” деп айтса, анда болот. Соттун чечими чыга электе кишини айыптап, “туура эмес иш кылган, кымбат баалуу кийимдери бар экен” дегени туура эмес. “Калиеваны эртең эле камайм, күнөөсү бар” дейт. Күнөөсү бар же жок экенин сот аныктайт. Алдын ала айткан туура эмес. Муну менен ал бүткүл Кыргызстандын сотторуна шек келтирип атат. Биз эмнеге УКМК төрагасына макулбуз жана колдойбуз? Эгерде Ташиев баалуу особняктарда жашап, кымбат машинелерди тээп жүргөн сотторду текшерип, декларациясын бербей, алардын коррупциялашкан чынжырын таап, күнөөнү коюп, ага карата сот чечимин чыгарса, мына ошондо “Камчыбек Кыдыршаевич тоңгон музду жарды” деп айтсак болот. Жара элек музду “жарам” дегенин туура эмес эле көрдүм. Бул менин жеке пикирим. 

Мунарбек Супатаев, жактоочу:

-- УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, кымбат баалуу машине тепкенин, хансарайда жашаганын ж.б. нерселерин жөн эле асмандан алып айткан жок. Демек, мындай айтканга негиздер болгон. Жакында эле эбегейсиз байлыкка ээ болгон соттордун аттары аталып калды. Бул жерде сөзсүз суроо жаралат: “Мынча байлык кайдан келди?” деген. Албетте, пара алып, мыйзамсыз чечимдерди чыгарган үчүн болсо керек. Жаңы эле соттук процесстен чыгып, үйгө кетип баратсам, түрк ишкери мени токтотуп алып, “сиздердин соттор ким акча берсе эле чече берет турбайбы?” деди. Мен “жок, андай эмес” деп айта албадым, айтууга негиз жок. Бул ачуу чындык. Биздин сот системасынын бүгүнкү абалын айтып койду, кысталак! Эми мындай учурда Камчыбек Ташиев “тоңгон музду” жара алабы же жара албай калабы, айтуу кыйын. Себеби, алдыда президенттик шайлоо, анын жыйынтыгы да чоң роль ойносо керек. Кимдер чоң кызматка келет, кимдер кызматтан кетет ж.б. толуп жаткан маселелер бар. Кызыктын баары али алдыда!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер