Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 15 жашында өз агасынан төрөп, агасы болсо 20 жылга кесилип...

15 жашында өз агасынан төрөп, агасы болсо 20 жылга кесилип...

23-ноябрь, 17:16
1 731 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалым болгондой, шектүү Н. уулу А.-га карата соттун өкүмү 17-ноябрда чыкты. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-2-пункттары (зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылды. Жаза өтөө мөөнөтү 2020-жылдын 17-июлунан баштап эсептелсин деп көрсөтүлгөн.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 20-июлда Сузак районунда 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан көз жарганы белгилүү болгон.

Маалым болгондой, жашы жете элек өспүрүм кыз облустук төрөт үйүндө төрөгөн. Ал кош бойлуу болгонун билген эмес. Аны бир туугандары сокур ичеги болгон деген ой менен ооруканага жеткиргенде гана билишкен. Бир туугандардын апасы учурда Россияда иштейт. Кыз менен 2000-жылы туулган агасы былтыркы жылдын күз мезгилинде мас абалда жыныстык катнашта болуп, эртеси кечирим сураган.

Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы маалыматты тастыктап, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү кыздын жакындары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдиришкен.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бул факт боюнча топтолгон материал Сузак РИИБ тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (16 жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки ѳндүрүшкө алынганын билдирген эле.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер