Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Капчыгайга асып кетишкен жигиттин өздүгү аныкталды
Капчыгайга асып кетишкен жигиттин өздүгү аныкталды
23-ноябрь, 12:11
2 085 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌«Жылуу булак» санаторийинин аймагынан жансыз денеси табылган эркек кишинин өздүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
21-ноябрда болжол менен саат 13:00 чамасында Аламүдүн РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн капчыгайындагы санаторийдин аймагында эркек кишинин жансыз денеси асылып турганы тууралуу билдирүү түшкөн. Белгисиз адамдар маркумдун буттарын, колдорун байлап, оозун скотч менен чаптап, мойнуна аркан салып, даракка илип коюшкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду. Чүй ОИИБдин маалыматына караганда, аталган окуя ИИМдин жана ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.
Маркум Нарын облусунун 19 жаштагы тургуну О.Э. экени аныкталды.
“Турмуш”