Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сегизбаев камакка алынарда калканч издеп, президенттик шайлоого аттаныптыр

Сегизбаев камакка алынарда калканч издеп, президенттик шайлоого аттаныптыр

19-ноябрь, 19:42
1 451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомчулукка жек көрүнүп атканына карабай УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев президенттик шайлоого аттанды. Бет жок экен да! Убагында ондогон саясатчыларга куугунтук жасап, камаганы эсибизде. Алар: Садыр Жапаров (балдарына бир тууганын кошуп), Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Канатбек Исаев, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков Тойгонбек Калматов ж.б. Репрессияны жүргүзүүдө ашынып, ырайымсыз адам катары таанылган. Ал эми Кой-Таш окуясында Атамбаевди колдомуш этип, бийликке ойноп, башкалар кармалганда Сегизбаев аман калган (резина окко калтасын тештирип алып). Дал ушундай жийиркеничтүү жоруктары арбын болуп атса, уялбай президенттик шайлоого талапкерлигин койду. Биздин баамыбызда, ал жакында камакка алынмак шекилдүү. Кылмыш иштеринен калканч издеп, кол тийбестикке жетүү үчүн аламанга аттанганын карабайсыңбы?! “Бул дүйнөнүкү тиги дүйнөгө кетпейт” дейт. Жазасын эртелеп албаса, коомчулукка кандай үлгү көрсөтөбүз? Кылмышка шектүү неме баарыбызга акыл үйрөтүп, дебатта жүргөнү абсурд го?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер