Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кочкордогу үрөй учурган өлүм

Кочкордогу үрөй учурган өлүм

14-ноябрь, 14:52
1 361 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кочкор районунда өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Кочкор райондук прокуратурасынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Кочкор РИИБнин нөөмөт бөлүмчөсүнө Кочкор районунун Мантыш айылындагы үйлөрдүн биринде 1971-жылы туулган К.К. аттуу жарандын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн учурда маркум К.К.га күч колдонулуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Бул факт РИИБ тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталган.

«Нарын облусунун прокуратурасы жана Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштын бетин ачуу боюнча зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөөчүгө көрсөтмөлөр берилип, иштин тергөөсү өзгөчө көзөмөлгө алынган. Иш боюнча тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалып, жүргүзүлгөн тергөө, ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында кылмыштын бети ачылган.

13-ноябрь күнү Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылынын тургуну Ж.Ш. шектүү катары кармалып, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнө караганда, Ж.Ш. менен маркум К.К.нын ортосунда 9-ноябрь күнү өз ара пикир келишпестик чыгып, уруша кеткен. Мындан улам шектүү көчөдөн К.К.ны таш менен башка чаап, уруп-сабап өлтүргөн. Андан кийин жансыз денесин үйүнө сүйрөп барып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.


Турмуш

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер