Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМКны укканда Азамат Токтоналиев калтырап-титиреп калдыбы?

УКМКны укканда Азамат Токтоналиев калтырап-титиреп калдыбы?

05-апрель, 20:37
5 282 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бишкек ШИИБнин имаратына УКМКнын жасоолдору бастырып киришип, тергөөчү менен оперди кармашканы айтылды. “20 миң сом арзыбаган акча” дейт. А кептин маңызы башкада. “Хасбик” каймана атындагы Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев УКМКнын желдеттерин укканда жүрөгү түшүп, калтырап-титиреп отуруп калганы кандай? Кызматкерлерине арачыга түшүп, анык-бышыгын тактабайбы? Жетекчи өздүк курамына кайдыгер болбой, туруп бериш керек да. Ушунча да басмырлап, мазакташабы? Баш адашууда, деги канчанчы ирет милиция кызматкерлерин УКМК кармап кетип атат? “Хасбик” таза тебелетип салды го... Эгерде духу күчтүү, өз ишине профессионал начальник болгондо, өздүк курамын коргоп алмак, бирөөнүн да чекесине черттирмек эмес. Эгерде мыйзам бузган кызматкерлери ич ара чыкса, андайларды ИИМ аркылуу жазаламак. “Душмандарга” салдырып бербей эле...
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер