Курулай аксынган Кубанычбек Жумалиев миллиарддаган байлыктарын “куспайбы”?
2005-жылга чейин Кубанычбек Жумалиев жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп келгени белгилүү. Лаборанттыктан премьер-министрге чейин “майкандап” өткөн. Мына ошол кездерде жер жайнаган байлыктарга, объектилерге, компанияларга жеткени жалганбы? Санай албайсың, адашасың. Ушул күнгө чейин Жумалиев актанып бүтпөй койду. Коомчулук билип эле турбайбы: Акаев доорунда итбекер менчиктештирүү менен мүлктөргө ээ болгонун танабы? Айтор, финпол, башкы прокуратура бере турган суроолор арбын окшойт. “Мыйзамсыз баюу” беренесинен кантип буйтап өтөт? Кыскасы, Кубанычбек Жумалиев аксынбай эле миллиарддарды чапчыган байлыктарын мамлекеттин казынасына “куспайбы”? Элдин каргышына калбай тынч жашай алабы? Айрым таза, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер тынч эле уктайт эмеспи, ошолорго өзүн салыштырып көрбөйбү? Апакай болсо чуулгандуу кептер ээрчийт беле? Кудайды караса...
"Азия Ньюс" гезити