№47 түрмөдө отурган Камчы Көлбаев бийликке нааразы болуп атабы?
Айрым “узун кулактардын” билдиргенине караганда, Камчы Көлбаев аз убакытка кармалып эле кайра бошой турганы болжонсо, тилекке каршы, бул боюнча келишимдер бузулганы ыраспы? Козголгон кылмыш иштери саясый кырдаалга жараша “токулганбы”? Учурда Камчы Көлбаев №47 колонияда бийликке нааразы болуп отурганы чынбы? Албетте, суроолор көп. Кыргызстанда жашыруун деле маалыматтар болбойт, дубалдан үн чыккандай эле угулат эмеспи. Кызыгы, эгер Көлбаев Акүйгө каршы чыкса, анда аягын кандай элестетебиз? (Кечээ түрмөдөгү көпчүлүк адамдар менен бирге тамактанып отуруусу, интернетке ал көрүнүштүн жайылганы да жөн жерден эместир). Ар ким акылына жараша аңдап алсын... Эске салсак, аны кармоо учурунда аяр мамиле жасалганы, алдын ала сүйлөшүлгөн сценарий менен макулдашылгандай көрүнгөнүн кантебиз?..
"Азия Ньюс" гезити