» Кылмыш » Кара-Суудан “Челюсть” менен “Душканын” уюшкан тобунан “Роки” чыкты
Кара-Суудан “Челюсть” менен “Душканын” уюшкан тобунан “Роки” чыкты
01-апрель, 23:02
4 863 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Келме кезекпи? Кара-Суу бир мандаттуу округунан Руслан Маматов да депутаттыкка талапкерлигин койду. Бул жигиттин өткөн чагына саресеп салсак, чуулгандуу жүрүштөрдөн куру эмес. УКМКга камалган “Душканын” жанжөөкөрү, ошого катар “Челюсть” каймана атындагы Алтынбек Сулаймановдун да командасында жүргөнү менен районго белгилүү экен. 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүндө Кара-Суу акимчилигин басып алып, убактылуу кресло минип ойногонго жетишкеничи? Ага чейин Кашкар-Кыштак кеңешинде депутат, айыл өкмөтү катары иштептир. Көбүнчө “Душканын” уюшкан тобунда жүргөнү сын-пикирге алынып келген. Каймана аты “Роки”. Мына ушундай деңгээлдеги талапкер шайлоого аттанып чыгууда. Калганын калк чечсе керек. Кең Кара-Суу районунан мандат үчүн билимдүү, тажрыйбалуу кесипкөйлөр суурулуп чыкпай, Руслан Маматовго окшогондор оюн сала башташса, элдин ырысы кемигени эмеспи?