Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Сокулук РИИБ начальниги Уран Шамбетов кетпейби? 13 жашар кыздын убалы уктатпайт го...
Сокулук РИИБ начальниги Уран Шамбетов кетпейби? 13 жашар кыздын убалы уктатпайт го...
01-апрель, 22:38

Сокулукта 13 жашар кызды колдон-колго өткөрүшүп, 9 бала зордуктап жүргөнүн акыйкатчы айтып чыкты. Эч кимиси жоопкерчиликке тартылбаптыр. Ал эми өспүрүм кыз психологиялык-моралдык жактан жабыркап, ооруп калганы кабарланды. Бул көрүнүш аң-сезимге оңбогондой сокку! Мындан ары кыз кандай чоңоёт, келечеги кантет? Эне болобу? Сыягы, жүрөк сыгылткан санаркоолор арбын. Эң өкүнүчтүү жагдай, кордолгон кыздын энеси зордукчул 9 баланын үстүнөн арыз жазып, бир канча ирет даттанса да, жыйынтыгын көрбөптүр. Тескерисинче, зөөкүр-көркоолор улам келип зордукташып, айбандык кумарларын кандырып турушканы кандай? Милиция деген жашы жетпеген кызды тебелендиге таштабай, аңгилерди дароо териштирип, камакка алышы керек эле. А эмнеге артка кетенчиктеген? Сокулук РИИБ начальниги Уран Шамбетов дайыма ушундай чуулгандарды тескей албай, шалаакылыгын көрсөтүп келет. Жердешчиликтин көзүрү менен чоңоюп алып, бирок милдетин татыктуу деңгээлде аткара албай, аксап атпайбы. 13 жашар кыздын 9 эргул тарабынан зордукталышы боюнча Уран Шамбетов токтоосуз түрдө кызматынан алынышы керек. Милицияга да шек келтирди. Сокулук РИИБге ушул жигит начальник болуп келгени чуулгандар басылбай, дайыма катачылыктарга жол берип, коомчулуктун сынына кабылып келүүдө. Тактеке, эркеталтаңдарды жыйыштырып, кетирип, татыктууларды иштетпейлиби?
Айтмакчы, Чүй ОИИБ начальниги Дамирбек Исаков өзүнүн айласын таппай атканда, кол астындагы жетекчилер каакы ордуна көрүшпөгөнү ушулбу? Милициянын облустагы башчысы иштей албай, Сары Өзөндүн өздүк курамын артка тартып атса, Сокулук сазга батат да, туурабы?..
"Азия Ньюс" гезити











