Акыркы кабарлар
» Кылмыш » 14 жаштагы кыз төрөп, муздаткычка жашырган...
14 жаштагы кыз төрөп, муздаткычка жашырган...
28-октябрь, 20:55
724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Новосибирск облусунда 14 жаштагы мектеп окуучусу төрөп, чоңдордон жашырып, аны муздаткычка салып койгон. Бул тууралуу “Комсомольская правда” укук коргоо органдарындагы булакка шилтеме берүү менен жазды.
Окуя Новосибирскинин жанындагы айылдардын биринде болгон. Жаңы төрөлгөн ымыркай муздаткычта тоңуп, чарчап калган. Окуя тууралуу өлтүрүлгөн ымыркайдын энеси өзү айтып берди. Басылма сөөктү ким тапканы жана төрөт кантип өткөндүгүн так айткан эмес.
Новосибирск облусундагы балдардын укуктары боюнча акыйкатчысы Надежда Болтенконун айтымында, кыз буга чейин эле түнкүсүн көп басып, начар жүрүм-туруму менен каттоодо турган.