Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандын жараны Россияда сабалып өлтүрүлгөн

Кыргызстандын жараны Россияда сабалып өлтүрүлгөн

26-октябрь, 17:53
510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жаранын өлтүрүүгө шектелген эркек менен аял кармалды. Бул тууралуу 26-октябрда Орусиянын ММКлары ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 26-октябрга караган түнү жергиликтүү тургундар шаардын Новочеркасск проспектисинде жайгашкан ресторандын унаа токтоочу жайында бир адамдын жерде жаткан адамды бита менен сабап жатканын көрүшкөн. Андан кийин кол салган адам такси компаниясынын логотиби түшүрүлгөн унаанын рулуна отуруп, айдап кетет. Жанында бир аял бар болгон.

Окуянын күбөлөрү полицияга кабарлашкан. Укук коргоо кызматкерлери уурдалган унааны кармаганда, анда 31 жаштагы эркек жана 35 жаштагы аял болгон.

Ошондой эле унаанын багажнигинен сабалган адам табылган. Анын каза болуп калганы аныкталган. Анын айдоочулук күбөлүгү 35 жаштагы кыргыз жаранынын атына жазылган. Маркум таксист болуп иштеген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер