Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аламүдүн районунан өгөй атасын балталап өлтүргөн 30 жаштагы жаран кармалды

Аламүдүн районунан өгөй атасын балталап өлтүргөн 30 жаштагы жаран кармалды

22-октябрь, 17:03
431 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

22-октябрда таңында Аламүдүн районунда үрөй учурган кырсык катталды. Маалым болгондой, 30 жаштагы жаран өгөй атасын балталап өлтүргөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-октябрда таңкы саат 04:00 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына Арашан айылында жайгашкан үйлөрдүн бириндеги киши өлтүрүү фактысы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 21-октябрда 65 жаштагы К.А. (мас абалда болгон) аттуу жаран менен өгөй баласы урушуп, өгөй баласы аны балта менен бир нече жолу чапканы маалым болгон. Жаракаттын кесепетинен атасы ошол жерде көз жумган.
Кылмыш иш боюнча 30 жаштагы С.К. аттуу жаран шектелип кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер