Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы сценарий. Камчы Көлбаев эмне үчүн колго түшүрүлдү?

Жаңы сценарий. Камчы Көлбаев эмне үчүн колго түшүрүлдү?

22-октябрь, 16:57
888 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Камчы Көлбаев күч органдары тарабынан кармалганын тастыктады.

УКМКнын расмий билдирүүсү: “УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында «Мыйзамдагы ууру» делген криминалдык авторитет Камчыбек Асанбек (Камчыбек Көлбаев) тууралуу айрым маалыматтар түшкөн. Ал маалыматтар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 249-беренесинин (кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу) 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

22-октябрь күнү К.Асанбектин Бишкек шаарындагы жүргөн жери аныкталып, УКМКнын тергөө башкы башкармалыгына жеткирилген. Тергөө учурунда К.Асанбектин кылмыштуу иштери жана аны менен байланышта болгон кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар тууралуу маалыматтар алынат.

Буга чейин УКМКнын жаңы жетекчиси Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторду багынып берүүгө же Кыргызстандан чыгып кетүүгө чакырган. Көлбаев тууралуу суроого эгерде мыйзам бузса, анда жазага тартыларын айтып жооп берген…

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер