Камчыбек Ташиев: “Көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турушат...”
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев элге кайрылды:
“Урматтуу мекендештер!
Официалдуу жумушка чыкканыма бүгүн 3-күн. Үч күндө 2 млрд. сомдон ашык уурдалган акча өндүрдүк, тергөө аныктаса дагы төгөт. Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтара баштадык. Бул башталышы гана. Буюрса, көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат, баарын “кустурабыз”. Ушул коррупционерлерди “кустуруу” операцияларында бир да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир сом да пара алышпайт, баарын мамлекетке төктүрөбүз. Бул маселелер жеке менин көзөмөлүмдө, эч кыжалат болбоңуздар! Аларды камап, кармап отурбастан, уурдаган акчасын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коёбуз. Кыргыз мамлекетинде коррупционер, элдин акысын жеген бандит, элди куураткан бир адам да болбош керек!” дейт Камчыбек Ташиев.