Күйөөсүн кызганган аял 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө киши жалдаган
26-сентябрга караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында үрөй учурган окуя катталган. Анда үйгө ууруга киргендер 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кетишкен.
Учурда шектүүлөр кармалды. Алар 31 жаштагы Б.Ж. жана 28 жаштагы О.А., 31 жаштагы К.Ч. аттуу жарандар болгон. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча кылмыш иши кызганычтын айынан келип чыккан. Анда аялы күйөөсүн маркум кыздан кызганып, аны өлтүрүүгө өзүнүн айдоочусу менен досуна буйрутма берген. Учурда териштирүү башталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилеп кетүүчү жагдай, ИИМдин, Чүй ОИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалышкан.
26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.