Даниэль Ажиев психиатриялык ооруканага которулду
Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу боюнча айыпталган Даниэль Ажиев СИЗО-1ден Кызыл-Жардагы руспубликалык психиатриялык ооруканага которулду. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, вебкам-студиянын ээси Даниэль Ажиев 3-сентябрда Кызыл-Жардагы республикалык психиатриялык ооруканага которулган.
Эске салсак, 2020-жылдын 26-март күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 313-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Даниэль Ажиев кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгондугу аныкталган.
20-августта Бишкектин Биринчи Май соту Даниэль Ажиевди кылмыш жазасына тартылууга жарабай турган же психикалык жактан оорулуу катары таап, Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык диспансерде мажбурлап дарыланууга жөнөтүү тууралуу өкүм чыгарган. Буга Даниэль Ажиевге карата соттук-психиатриялык экспертиза кылмыш жазасына тартылууга жарабай турган же психикалык жактан оорулуу (!) деп тапкан корутундусу себеп болгон.