Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ала-Букадагы 4 кыздуу жаш келиндин өлүмү жүрөк сыздатат...

Ала-Букадагы 4 кыздуу жаш келиндин өлүмү жүрөк сыздатат...

29-сентябрь, 17:34
659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ала-Бука районунда милиция 33 жаштагы келиндин өлүмүн иликтеп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Turmush басылмасына Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Төртүнчү кызы эмчекте экенин айткан келиндин жакындары ал өз өмүрүнө кол салбай турганын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан каза табышы мүмкүн экендигин айтышууда.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, милицияга Ала-Бука районуна караштуу Баймак айылында А.О. аттуу жаш келин 23-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 07:30дар чамасында үйүнүн короосунда пресс жип менен асынып алгандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн. Аталган факты боюнча окуя болгон жерге тергөө тобу барып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, тийешелүү материалдар топтолуп, текшерүү иштери башталган. Андан соң райондун А.П. аттуу тургуну милицияга арыз жазып, келиндин өлүмүнө анын жолдошу күнөөлүү болушу мүмкүн экендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

«Жогорудагы арыздын негизинде КР кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси менен (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тийешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат» деп айтылат маалыматта.

Милицияга арыз берген маркум келиндин таежеси Пайзи Абдисаматова сиңдисинин өлүмүнө күйөө баласынан шек санап жаткандыгын айтты. Анткени 22-сентябрь күнү түндө сиңдиси катуу ур-токмоктон улам көзү көрбөй калганын айтып, ошол бойдон уюлдук телефону өчүп калган. Ал күнү өзү ооруп жаткандыктан, түндө бара алган эмес. Анан дагы бул жолу да адаттагыдай экөөнүн уруш-талашы деп ойлогон.

«Сиңдимди күйөө балам көп учурда ур-токмокко алчу. Урушуп, кайра жарашып жашап келишкен. Сиңдим 4 кыз төрөдү. Үчүнчүсү төрөлгөндөн бери көбүрөөк урушуп калышты. Күйөө балам сиңдимди «эркек төрөбөйсүң» деп көп жолу токмоктоп жүрдү. Катарынан 4 кыз төрөгөн үчүн айыптуу болду. Кээде «ажырашып, Россияга бир тууган акелериңдин жанына кет» дечүмүн. «Эже, мен балдарымды жетим кылбайм» деп токмок жесе да кетчү эмес.

22-сентябрь күнү түнкү саат 10:20лар чамасында сиңдим мага байланышты. Үйүнө келишимди, катуу токмоктон көзү жакшы көрбөй калганын айтты. Өзүм ооруп жаткандыктан, «ордумдан тура албайм, алым кетип турат. Кайненеңди чакырчы?» дедим. Барууга акыбалым келбейт эле. Анан дагы экөөнүн катардагы эле уруш-талашы деп ойлогом. 23-сентябрь күнү мен Ошко жөнөп, Таш-Көмүргө келип калганымда сиңдимдин каза болуп калганын кайын журту айтып байланышты.

«Балдарым жетим калбасын, ажырашпай жашайм» деген сиңдимдин өз өмүрүнө кол салуусуна ишенбейм. Ошон үчүн дароо эле соттук-медициналык экспертизага бердик. Өзүм да жуундурганы кирдим. Денесинде көгала тактары бар, кулагынын арты катуу жабыркаганы байкалып турат. Мурдунан кан аккандай. Эки күн мурда эле тойдо болгонбуз. Анын өз өмүрүнө кол салышына ишенбейм. Ошончо кыйынчылыктарга балдары үчүн чыдап жашап келген» деди ал.

Маркум келиндин кичүү кызы 1 жаш 2 айлык, улуусу 7-класста окуйт.

“Турмуш кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер