Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Агам барымтага кабылган кыздын каза болгонуна кайгырып, инсульт болду”

“Агам барымтага кабылган кыздын каза болгонуна кайгырып, инсульт болду”

25-сентябрь, 20:20
1 980 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Туура үч ай мурун, Бишкекте мурунку жигити барымтага алып, бычактап салган келин туурасында үрөй учурган окуя орун алган. Ошол күнү келинди мыкаачынын колунан Биринчи Май районундагы №5 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев алып чыккан. Ал бычак көтөргөн шектүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн болчу. Бирок, бычак жеген келин ооруканада кансырап каза болгон. Мындан көп өтпөй,  29-июнга караган түнү  Эркин Жаанбаев өзү да көз жумган. Анын күтүүсүз өлүмү көпчүлүккө табышмак бойдон калган. Бир тууганы Чынара Жаанбаеванын айтымында, агасы дал ушул окуяга катуу кайгыргандыктан, кокусунан жүрөгү кармап калган.   

-- Агаңыз Эркин Жаанбаевдин көз жумганына үч ай болуп калыптыр, ал турасында кененирээк айтып берсеңиз?

-- Эркин агам бир туугандардын улуусу болчу, андан кийин мен, анан эки иним бар. Ата-энебиз Ошто турушат. Агамдын каза болгону өзгөчө ата-энебизге оор тийди. Айла жок экен, ыйлап, сыздап кала бердик. Жумуштан такыр бошочу эмес, качан чалсам да “бошобой жатам, иш көп” дечү. Сыртынан каардуу көрүнгөнү менен өтө жумшак адам эле, кичинекей балдарга жакын болчу. Бала көрсө үзүлүп түшүп эркелетип, жаны калбай турчу. Өзүнүн артында эки баласы калды. Бизге да кам көрүп, ар дайым ал-акыбалыбызды сурап, биз дагы аны менен акылдашмайын эч нерсе жасабайт элек. 

-- Мурда ооруп жүрчү беле же сиздерге айткан эмеспи?

-- Агамдын ден соолугу чың болчу, эч качан бир жери ооруган эмес. Капысынан эле инсульт алды. Жапжаш, күчкө толуп турган бир тууганыңды жоготуу азап экен. Мурда-кийин ден соолугуна арызданса, “оорусу бар эле” деп калат элек да. Баарынан да жумушун биринчи орунга коюп, иш деп жүрүп өзүн карабай койгонбу? Каза болорунан бир жума мурун жанагы барымтадагы келинди бошоткон болчу. Келиндин тагдырына аябай кабатыр болгон үчүн ооруп калган окшойт. 

-- Агаңыздын мезгилсиз дүйнө салганына ошол окуя себеп болушу мүмкүн деп ойлойсузбу? 

-- Ооба, ошол окуя себеп болду го... Себеби, келиндин каза болгонуна катуу кайгырган. “Жаш экен, кичинекей балдары да бар. Боорум ооруп жатат” деп кечке ошону айтып калган. “Эми аны сиз келгенче эле бычак менен сайгылап салган турбайбы, кансырап калыптыр. Анчалык кабатыр болбоңуз” дегем. Тымызан ичинен сызып жүрө бергенге, жүрөгүнө күч келип кетти окшойт.  

-- Ал окуяны өзү кандай айтып берди эле?

-- Мен ал туурасында окуя болгондун эртеси угуп, дароо телефон чалдым. “Эмне болуп кетти? Сиз эмнеге кызды бошоткону өзүңүз кирдиңиз? Кирбей эле койсоңор болмок, сизди сайып салса эмне кылат элеңиз?!” деп ыйлагам. Ал болсо “кызыксың го, мен кирбесем башка ким куткарат эле? Бизде мындай окуялар көп болот да” деген. “Алдыңызда башка деле кызматкерлериңиз бар го, ошолорду жумшасаңыз болбойбу?” десем, мага ачууланып, урушуп койгон. “Эми жакшы элесизби?” десем, “ооба, тиги кыз комада экен” деп кейип калган. Кийинки күнү үйгө келип (анда да үйгө кирбей), шашып жүргөнүн айтып, беш мүнөттөй сүйлөшүп туруп кеткен. Окуядагы жаш келиндин каза болгонун, кичинекей балдары апасы жок калганын айтып, кейиген болчу. Мен аны “буга сиз себепкер эмессиз да, көп ойлонбоңуз” деп узаткам.   

-- Жумушу туурасында айтып берчү беле? Балким кызматына байланыштуу кыйынчылыктар болгондур?

-- Күч структурасында жыйырма эки жыл иштеди, бирок, эч качан “жумушум андай-мындай” деп кейичү эмес. Чарчадым дегенин да уккан эмесмин. Кызматын берилгендик менен аткарчу. Ишине ынтызар мындай милицияны көрө элекмин.  “Дүнүйө, байлык” деп жутунбаган, жөнөкөй, кызматкерлерине да жардам берип, колдоо көрсөтүп, коргоп, жакшы мамиле кылчу экен. Аны агам каза болгондон кийин ал жакта иштегендер айтып, бизди ыйлатышты. Өзүнүн үйү жок болгондуктан, “кезекке туруп үй алсаңыз боло?” деп айтсам, “менден да кыйналып жашаган милициялар толтура, канчасы батирлеп жүрөт, мага жетиштүү” деп коёт эле. Байкем үй-бүлөсү, инилерим менен бирге ата-энебиз алып берген үйдө турушчу.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер