Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Сапарлаш кыз менен жигиттин жолдогу окуясы темир тордо аяктады
Сапарлаш кыз менен жигиттин жолдогу окуясы темир тордо аяктады
16-сентябрь, 20:50
903 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кемин районунда автоунаа уурдоого шектелген аял киши кармалды. Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жабырлануучу (эркек киши) милиция кызматкерлерине 4-сентябрда кайрылган.
Анын айтымында, окуя болгон күнү өзүнүн унаасы менен Кеминге бара жаткан. Кант шаарынан унаасына сапарлаш жолоочуну (аял кишини) салган. Жаштар таанышуунун урматына орто жолдон тамактанышып, андан кийин айдоочу уктап калган. Анын сапарлашы чөнтөгүнөн ачкычын алып, унаасын айдап кеткен.
Окуядан бир нече сааттан кийин шектүү кыз — 29 жаштагы Б.А. кармалды. Ал мас абалда болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.