Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткенде 63 жаштагы жаранды бир тууган иниси өлтүрүп койгон

Баткенде 63 жаштагы жаранды бир тууган иниси өлтүрүп койгон

16-сентябрь, 11:55
410 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткенде пикир келишпестиктен улам 63 жаштагы жаранды бир тууган иниси өлтүрүп койгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 12-сентябрында Баткен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кыштут айылынын тургуну өз үйүндө белгисиз себептен каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Баткен РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барып, каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин, ошондой эле маркум өз бир тууган инисинин урганынан улам каза болгондугун аныкташкан. 

63 жаштагы маркум Кыштут айылында 81 жаштагы өзүнүн апасы менен бир үйдө жашагандыктан, анын 46 жаштагы бир тууган иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсың” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, муунткан.  Алган жараатынан улам 63 жаштагы жаран ошол эле түнү окуя болгон жерде каза болуп калган.

Бул факты Баткен РИИБнин КЖБР кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (киши өтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми аныкталып кармалган 46 жаштагы иниси убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер