Төрөлгөнүнө 2 күндөй эле болгон ымыркайдын денесине бычак сайылган
Аргентинанын түндүк-чыгышындагы Мисьонес провинциясында мыкаачылык менен кордолгон ымыркай кыз табылды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, жаңы төрөлгөн баланын далысына бычак сайылып, баштыкка оролгон бойдон ыргытылган.
Дене тарбия боюнча 31 жаштагы инструктор Диего Себастьян Пенайо жолдон өтүп бара жатканда ымыркайдын ыйлаган үнүн угуп, аны дароо ооруканага жеткирген.
Төрөлгөнүнө эки күндөй эле болгон ымыркайдын денесинде бычактын бир нече изи болгон. Бирок, ички органдары жабыркаган эмес. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, Эсперанса деген ысым ыйгарышкан. Анын ысымы “үмүт” деген маанини билдирет.
Көп узабай жабырлануучу ымыркайдын энеси табылган. Ал баласын төрөгөндөн кийин ооруканадан чыгып кеткенин айткан. Тийешелүү мамлекеттик органдар тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Еlgezit.kg