(Видео) Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү дүкөнчүнү бычактап салган
Россияда сулуулук сынагынын жеңүүчүсү дүкөндүн сатуучусуна бычак менен кол салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Россияда 2005-жылы өткөн сулуулук сынагынын жеңүүчүсү, 36 жаштагы Наталья Долгоновская эч себепсиз эле “аялдарды жек көрөм!” деп дүкөнчүгө бычак менен кол салып, көптөгөн жаракаттарды келтирген. Канга чыланган кызматкерди башка кесиптештери ажыратып калган. Окуя болгон жерден качып кеткен Наталья Долгоновская көп узабай кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.
Жабырлануучу башына, далысына, омурткасына бычактан оор жаракаттарды алган. Учурда тийиштүү дарылоодон өтүп жатат.
Орус басылмаларынын маалыматына караганда, Наталья Долгоновская 2005-жылы 18 жашында сулуулук сынагынын жеңүүчүсү болгон. Кийин бай адамга күйөөгө тийген. Аны менен балалуу боло албай, ажырашып, моделдик карьерасын уланткан. Бирок, сулуу айым дайыма чыр-чатактын арасында жүрөрү ЖМКларда байма-бай айтылып келет.
“Репортер”