Министр Кашкар Жунушалиевдин көздөй кадрлары үрөй учура баштадыбы?
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аскер прокуратурасы тарабынан оор беренелер боюнча ИИМдин жогорку жетекчиликтерине жана УКМКнын эки опер кызматкерине карата кылмыш иштери ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынгандыгын кандайча түшүнөбүз? Олуттуу суроолор жаралууда.
Август айынын аяк ченинде Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан Бишкек–Ош трассасынан Россиядан уурдалып, Тажикстанга бараткан бир канча кымбат баалуу автоунаалар кармалып, ИИМдин тергөө башкармалыгына алып келинди беле? Кызыгы, эч кандай тергөө амалдары жүрбөстөн, бир нече убакыттан кийин кармалып келинген автоунаалар ээлери менен коё берилгени кандай? Бирок, ушул эле автоунаалар бир суткадан кийин Баткен облусунун аймагындагы Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан 28-августта кармалып, бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгени ачыкталабы? Көрсө, кызыктын баары ушул жерден башталып, ИИМдин тергөө башкармалыгынын кызматкерлери жана жетекчилиги Жайыл РИИБнин орун басары жана опер кызматкерлери биригишип, уурдалган машинелерди эч бир текшербестен көп суммадагы акча алып коё беришкендиги кармалган адамдар тарабынан тастыкталганы ыраспы?
Бул жерде суроо туулат: Жайылдан ИИМдин орун басары Памир Асановдун баласы ИИМдин тергөө башкармалыгына алынып келип, алчусун алгандан кийин коё берилгенби? Бүгүнкү күндө ИИМдин тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү сурак берип атабы? Аларды камакка алса, аягы ИИМдин орун басары Памир Асановго барып такалары белгилүү болчудай го? Ал эми бирөө Баткен облусу боюнча АКСтин опер кызматкери, экинчиси Ош облустук АКСтин опер кызматкерлери эмне болот? Булар сопровождение кылып акча алып турушканбы? Бул жагдайлар боюнча кийинки санда толук маалымат беребиз...
"Азия Ньюс" гезити