Бир тууган Шараповдордун мэриядагы былыктарын күч органдары көрбөйбү?
Эмне үчүн мамлекеттеги жогорку кызмат өкүлдөрү жөнөкөй жарандарды гана кысымга ала беришет? Ушул өлкөнүн жараны катары, мен биздин чиновниктердин адилетсиздигинен, шалаакылыгынан аябай чарчадым. Алар ар бир учурду пайдаланып, чөнтөктөрүн элдин эсебинен толтурууга үйрөнүп бүтүшкөн. Бир топ олуттуу суроолор жаралууда...
Мэриянын Биринчи Май райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Руслан Шарапов, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «ШарКазСтрой» ЖЧКсы менен мыйзамсыз келишимдерди түзүп келгени кандай? Анткени аталган мекеменин чоңу, Русландын бир тууган агасы Шарапов М.Э. эсептелет. Бир туугандар биригип алып, мэриянын казынасына 3 миллион сомдон ашык чыгаша кылышканы иликтенеби? Бирок, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинде мындай алакага барууга тыюу салынат. Ишкананын көз боёмоочулугу аныкталып калса, ал дароо сынактан четтетилиши керек болчу. “Ачык бюджет” порталынын маалыматы боюнча, “ШарКазСтрой” ЖЧКсы мамлекеттик бюджетке болгону 718 миң сом төлөм төккөн. Ошол эле учурда компаниянын кирешеси 10 миллион 348 миң 431 сомду түзгөн. Ошентип, “ШарКазСтройдун” төлөгөн салыгы 7%ды эмес, 0,78%ды гана түзүп калган, бул болжолу менен 1 миллион сом өлчөмүндөгү салыкты төлөөдөн качуунун факторун көрсөтөт. Бирок, текшерүү органдары мунун баарына көз жумуп, алсыздарды, Жогорку Кеңеште тааныштары жокторду гана баса калышат. Руслан Шарапов каржы полициясынын мурдагы кызматкери болгондуктан, ага тиштери өтпөйт да. Шараповдун социалдык тармактарда мактанып, чыгарып жүргөн жомоктогудай кооз жашоосунун артында, ушундай былык иштер бар экенин көпчүлүк кайдан билсин? Болбосо, жөнөкөй мамлекеттик кызматкер каяктан чет өлкөдө эс алып, эсеп-кысабы жок кыймылсыз мүлктөргө ээ болмок эле?..
Компромат Kг