Атамбаев эмнеге Батукаев боюнча так жооп айтпайт?
Камактагы Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча билдирүүсүн партиялаштары таратты:
«Батукаевдин ишинин маңызы төмөндөгүдөй, 2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек. Операцияны башкарууну мен демилгелеп, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок ал материалдарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө мен тараптан жасалган коррупциялык же башка кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени менин алдымда бир гана максат болчу -- ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу», -деп айтылат билдирүүдө.
Батукаевге алмаштыруу аракеттери болгонбу? Түшүнүксүз. Бул операция ишке ашпай калса, эмне үчүн ошол убактагы жетекчилер жоопко тартылган эмес? Кандайдыр бир коррупциялык элементтер “ойноп” кетти беле?..