Ойношу “жылаңач сүрөтүңдү жарыялайм” деп коркуткандан кийин аял асынып өлдү
Казакстандын Атырау шаарында күйөөсү менен ажырашып, балдарын багып жүргөн аял өзүн-өзү өлтүргөн. Бул тууралуу “Ак Жайык” порталына каза болгон аялдын эжеси айтып бергендигин Tengrinews.kz басылмасы жазган.
Аял “Друг Вокруг” деген социалдык тармак аркылуу Туркестандын жараны менен таанышып, сүйлөшүп жүргөн. Өткөн жылдын декабрь айында ал адам Атырауга келген. Алар бир нече күн чогуу болушкан. Туугандарынын айтымында, ал адам аялга уктатуучу дары берип, сүрөткө тартып, телефонундагы байланыш номерлерди дагы көчүрүп алган. Андан кийин эле ал адам аялдын жылаңач сүрөттөрүн таратпоо үчүн андан акча талап кылган.
Ошентип ал жаран аялдан 100-200 миң теңге талап кылып жүргөн, аял өзү 50 миң теңге гана тапчу. Бирок ал туугандарына айтпай, кичинеден акча берип жүргөн. Кийинчерээк ал киши туугандарына дагы чала баштаган.
“Түн жарымда, мас абалында ар кайсы номурлар менен чалчу. Жабырлануучу жана анын туугандары баары корккондорунан улам телефондорун түнү өчүрүп жатышчу. Мындай басымды көтөрө албай, аял арыз жазганга аргасыз болгон” деп жазган басылма.
Сотто ал өз күнөөсүн мойнуна алып, кылган иши үчүн кечирим сурап, эми мындай ишке барбай турганын айткан. Соттун чечими боюнча ал “Тоноо” беренеси менен эки жылга эркинен ажыратылган.
“Бул кандай болушу мүмкүн экенин билбейм, бирок ал Атыраудан Туркестанга, андан кийин Кызыл-Ордого кетиптир. Баягы коркутууларын, чалууларын токтоткон жок. Баардык туугандарыбызга чейин чалып, сиңдим тууралуу укмуштуудай нерселерди айта баштады. Биз сиңдимди дагы бир жолу полицияга кайрылуусун айттык. Ал барса тергөөчү сотко жибериптир, сот болсо “кагаз түрүндө арыз жок” деп карабаптыр. Тергөөчү арыз жазуусун айтып телефон чалганда, сиңдим албаптыр. Анткени, ал коркуп телефон алчу эмес. Тергөөчүнүн билдирүү жазуусу керек эле… Сиңдим аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, асынып өлүптүр. Келсек, тиги адам телефондон дагы деле жаман сөздөрдү айтып кыйкырып жатыптыр” дейт эжеси.
Учурда Атырау полиция бөлүмүнүн жетектөөсүндө “Өлүмгө чейин алып баруу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Репортёр.кж