Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Криминал күчөдү: Жумгалда көмүр жүктөгөн унааны аткылашты

Криминал күчөдү: Жумгалда көмүр жүктөгөн унааны аткылашты

31-август, 23:03
888 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жумгал районунда ок атууга тиешеси бар жарандар изделүүдө.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-августтан 29-августка караган түнү саат 23:45 чамасында Жумгал РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Рухий-Мурас жаңы конушунун 1992-жылы туулган тургуну К.М. телефон чалып, Жумгал районунун Миң-Куш айылында жайгашкан «Ак-Улак» көмүр кесиминен «Хово» үлгүсүндөгү автоунаасына көмүр жүктөп, Балыкчы шаарына бара жаткан учурда, тактап айтканда, Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосунда белгисиз адамдар жүк ташуучу унаасынын терезесин таш менен сындырып, андан соң унаасын ок атуучу курал менен эки жолу атышкандыгын билдирген.

Аталган билдирүү боюнча Жумгал РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда «Хово» үлгүсүндөгү автоунаа Кочкор-Жумгал жолунун Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосундагы тилкесинде токтоп тургандыгы аныкталган. Унаага кароо жүргүзүүдө автоунаанын кабинасынын сол жагындагы терезеси сынык абалда болгон. Ошондой эле, автоунаанын кузовунун сол жак тарабында (бортунда) жана арткы сол дөңгөлөгүндө ок атуучу куралдын окторунун тактары калгандыгы такталган.

Аталган факты Жумгал РИИБ тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун (ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул иш боюнча К.М. милицияга жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, анда жогорудагы бейтааныш балдарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

«Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө булар аныкталган: Жабырлануучу 2020-жылдын 28-август күнү саат 15:00 чамасында Миң-Куш айылында жайгашкан «Ак-Улак» көмүр кесиминен «Хово» үлгүсүндөгү автоунаасына көмүр жүктөп, болжол менен саат 21:30 чамасында Жумгал районунун Арал айылына келген. Ошондо аны менен бирге көмүр жүктөп чыккан таякесинин «Хово» үлгүсүндөгү автоунаасы жолдо токтогонун көрүп, жабырлануучу анын унаасынын артына токтогон. Унаадан чыгып, «Субару Аутбэк» үлгүсүндөгү автоунаанын жанында 4-5 бейтааныш бала таякеси менен сүйлөшүп турганын көрүп, алардын жанына барган. Ал балдар: «Силер көмүрдү ашыкча жүктөп жатасыңар. Силерге акча керек болсо, бизге жол керек. Мындайыңарды токтотпосоңор кууп таштайбыз» деп, беттерин көрсөтпөй аталган унаага отурушуп, Чаек айылы тарапка кетип калышкан. Андан соң жабырлануучу менен таякеси ээрчишип Балыкчы шаарына бара жаткан учурда болжол менен түнкү саат 23:45 чамасында Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосунда белгисиз адамдар «Ниссан Альмера Тино» же «Хонда СР-В» үлгүсүндөгү автоунаа менен күтүп турушкан. Жабырлануучулар аларга жеткен маалда бейтааныш балдар К.М.нын унаасынын айдоочу тарабындагы терезесин таш менен сындырып, андан соң унаанын кузовунун сол жак тарабына ок атуучу курал менен эки жолу атышкан. К.М. менен анын таякеси ылдамдыкты күчөтүп качып кетишкен. Андан кийин алар нөөмөт бөлүмчөсүнө телефон аркылуу билдирүү жасагандыгы белгилүү болгон», - деп айтылат маалыматта.

Учурда Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 


Turmush.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер