Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Аялы сулуу болгон үчүн ага бензин чачып, өрт койгон
Аялы сулуу болгон үчүн ага бензин чачып, өрт койгон
26-август, 20:06
471 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коңшу Өзбекстандын Самарканд шаарында аялынын сулуулугу үчүн ага өрт коюп жиберген жаран 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы өзбекстандык жаран аялы сулуу болгон үчүн ага бензин чачып, өрт коюп жиберген. Сотто айыпталуучу “мен аялымдын сулуулугун башка эркектер карап жатканын каалабайм. Ошон үчүн ушундай кадамга бардым” деген. Ал аялы буга чейин көзүнө чөп салбагандыгын жана эми аны эч ким карабай тургандыгын кошумчалаган.
Аялы денесинен 25 пайыз күйүк алып, бир айдан ашык комада жаткан. Учурда ал күйөөсүнө мындан дагы оор жаза берүүнү суранууда.
Буга чейин дагы Өзбекстанда күйөөсү өзүнүн унаасын ичинен бекитип, аялы, балдары менен кошо өрт койгон. Жыйынтыгында унаадагылардын баардыгы каза болушкан.