Бишкектин башкы архитектору Тулебердиев соттолсо деле кызматында отура береби?
Экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун артынан бир топ чиновниктер сотолушканы маалым. Алардын ичинде Бишкек шаарынын башкы архитектору Асхат Тулебердиев “Коррупция” беренеси менен айыпталып, айып пул төлөгөнгө мажбур болгон. Жаңы кодекс боюнча тергөөгө алдын ала кызматташуу кылгандардын жазасы жеңилдейт турбайбы, ал ушул ыңгайды пайдаланган. Бирок, кандай болгон күндө да күнөөсүн моюнга алып, айып пул төлөгөнү ырас. Моралдык-этикалык жагынан алганда дагы, Асхат Тулебердиев Бишкек шаарынын башкы архитектору болуп отурууга акысы жок болчу. Соттолгон адам мамлекеттик кызматтын эрежесин, мыйзамдарын аттап өтүп, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле береби? Эмне үчүн жогорку укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү бул көрүнүшкө кайдыгер карашат? Же Кыргызстанда кимдин таанышы күчтүү болсо, акчасы арбын саналса эле көз жумду мамилеге айлана береби? Мындай болбойт эй! “Балык башынан сасыйт” дечү эле. Мамлекеттик жогорку чиновниктер үлгү көрсөтпөйбү?..
Aryba.kg