Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Соке, Кашкар, Опумбай жана Салиев Кой-Таш сотунда суралышы зарыл”


-- Мээрбек мырза, Кой-Таш сотунда жылыш барбы?
-- “Альфанын” кызматкерлери келип тийешелүү көрсөтмөлөрүн берип атышкан. Акыркы кезде алар да келбей атышат. Колдору бошобой, жанагы сойку кыздарды кубалап, түп-орду менен жок кылганы жатышат окшойт. Же башка себептери да барбы, бир сөз менен айтканда, соттор “Альфа” кызматкерлерине шылтоолоп калышты.
-- Алардан башка көрсөтмө берчүлөр жок бекен?
-- Алардан башка көрсөтмө берип суралчулар толтура. Сооронбай, Опумбай, Кашкар, Алмамбет Салиев, Асылбектер бар. Ошол кезде бийликтин башында отургандардын баарын сураш керек. Мындан сырткары, Кой-Ташта 1700 адам резина ок жеп, башка дубинка менен сабалгандар. Биз аларды да жабырлануучулардын катарына киргизүүнү айтып атабыз. Кызык. Теңирден тескери болуп калган, “Альфанын” кызматкерлери жабырлануучу эмес, жогоруда мен айткан 1700 адам жабырлануучу болуш керек эле. Соттук ишти созо бербей, эң негизги күнөөкөрлөр болгон Сокени баш, Кашкарды, Орозбекти, Салиевди төш кылып сурап, тергеп бүтүрөлү да. Болбосо Кой-Таш соту дагы беш жылга созулчудай болуп калды.











