Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тирүү баламдын ордуна жансыз ымыркайды беришти, балам тирүү экенин жүрөк сезет...

Тирүү баламдын ордуна жансыз ымыркайды беришти, балам тирүү экенин жүрөк сезет...

11-август, 12:21
709 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Токмок шаардык төрөт үйүндө эгиз уул төрөп, бирөөсүн “дене табы көтөрүлүп жатат” деп дарыгерлер алып кетип, бир сааттан кийин «балаң чарчап калды» деп айтышты. Балам жакшынакай эле төрөлгөн» деп бир келин кайрылганын укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Кайрылууда Токмоктогу төрөт үйүндө эгиз бала төрөп, бирок бир жарым суткадан кийин “ооруп жатат” деген шылтоо менен бирөөсүн алып кетишкендиги жазылат. Баласы эмнеден улам чарчап калганы тууралуу медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында “ичтен өлүү төрөлгөн” деген чечим чыккан.

«Балам тирүү төрөлгөн, эмчек эмип жанымда жаткан. Бизге берген бала менен менин баламдын бою, салмагы башынын түзүлүшү баары тең дал келген жок. Баарын билип, көрүп турган милициялар эч кандай чара көрбөй жатышат. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Дарыгерлер менин баламды аборт кылынган балага алмаштырып салышыптыр. Сегиз айдан бери чуркап жүрөбүз, жыйынтык чыкпай койду. Менин балам бирөөнүн колунда чоңоюп жатат. Жүрөгүм сезип жатат, балам тирүү» деп жазган кайрылуусунда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер