Мурда үч жолу үйлөнгөн жигит өзүнөн 16 жаш кичүү кызды ала качып кеткен
Кыргызстанда 7-августта кыз ала качуу фактысы байкалды. «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова «Азаттыкка» билдиргендей, кызды Бишкектен Ысык-Көлдүн Түп районуна ала качып барышкан.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, Түп жана Караколдун милиция кызматкерлери ала качууга кабылган кызды бекитип жаткан жерден таап, баш калаага алып келишти.
Маалыматка караганда, кызды ала качкан жигит андан 16 жаш улуу, мурда үч жолу үйлөнгөн жана балдары бар экени белгилүү болду. Ал эми жабырлануучу аны менен мурда жолугуп сүйлөшкөн эмес.
Азыр ала качууга катышы бар төрт адам милицияда сурак беришүүдө. Абдирасулова шектүүлөрдүн туугандары Бишкекте милиция имаратынын алдына чогулуп, жабыркаган тарапты тосмо арыз жаздырууга аракеттенип жатканын, кечирим сурап кыздын үйүнө да барып алышканын кошумчалады. Укук коргоочу ала качууга кабылган кыз психологдун жардамына муктаж экенин айтты.