“Дарыгерге атымды айтканым үчүн күйөөм сабап салды”
Ооганстандын батышында жашаган аялдын (Рабия деп атап коёлу) дене табы көтөрүлүп, дарыгерге барган. Медицина кызматкери Рабия Covid-19 вирусуна кабылганын аныктап, ага дары жазып берген.
Рабия үйүнө кайтып барып, күйөөсүнө “дары алып келип бер” деп суранып, дарыгер жазып берген кагазды карматкан. Бирок күйөөсү кагазда жубайынын ысымы жазылганын көрүп, "чоочун эркекке атыңды айтасың" деп аны катуу сабаган.
Рабиянын окуясы Ооганстанда кадыресе эле көрүнүш. Бул өлкөдө аялдар ысымын үй-бүлөдөн тышкары эч кимге, дарыгерге дагы айтпашы керек. Эркектер коомдук жайларда аялдарга "апа, карындаш, кызым" деп гана кайрылат. Ал эми жаңы төрөлгөн ымыркайдын күбөлүгүнө атасынын гана ысымы жазылат. Ошондон кийин документтерде кыздын атасынын же күйөөсүнүн ысымы жазылат. Анын өз ысымы о дүйнөгө кеткенин тастыктаган күбөлүктө дагы жазылбайт.
Би-Би-Си