Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Сокулуктагы көлмөдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды
Сокулуктагы көлмөдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды
06-июль, 13:37
523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Сокулук районундагы көлмөдө эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы “Турмуш” сайтына билдирген.
5-июль күнү саат 19:14тө Сокулук районунун Шопоков шаарындагы көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМдин №23 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, болжол менен 55-60 жаш курактагы эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Күбөлөрдүн айтымында, эркек киши көлмөгө кийими менен түшүп кеткен. Айрымдары маркумдун киши колдуу болуп каза болгонун божомолдошсо, кээ бирлери мас болушу мүмкүн экенин билдиришти.