Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Сүрөт) Ошто жаш балалуу келиндин үйүнөн курал-жарак, граната табылды

(Сүрөт) Ошто жаш балалуу келиндин үйүнөн курал-жарак, граната табылды

30-июнь, 12:13
652 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош ОИИБнин мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ок атуучу курал, ок-дарылар жана граната табылды. Бул тууралуу аталган түзүмдөн “Турмуш” сайтына кабарлашкан.

Табылган куралдар:

- ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу мылтык;

- РГД-5 үлгүсүндөгү граната;

- 7,62 мм калибрдеги 31 ок.

Алынган куралдар таандык болгон адамдар:

- 2014-жылы куралдуу салгылашууга катышуу үчүн Сирияга чыгып кетип, ошол жакта каза болгон 1985-жылы туулган Р.О.;

- 2014-жылы куралдуу салгылашууга катышуу үчүн Сирия мамлекетине чыгып кеткен 1989-жылы туулган Р.Ф.;

- 2018-жылдан бери Россияда жүргөн 1978-жылы туулган Р.А.

 Куралдар Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунун тургуну, жогоруда аталган жарандардын бир тууганы
-- 1983-жылы туулган Р.М.нын (аял киши) үйүнөн табылды. Ага 2017-жылы улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын колундагы баласы эрезеге жете электигине байланыштуу соттун өкүмү 2029-жылы күчүнө кирет. 


“Турмуш”

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер