Аялын барымтага алган кишини кармаган милиционер вирустан көз жумдубу?
Мындан бир нече күн мурда борбор калаада аялын барымтага алган кишини кармаган милиционер Эркин Жаанбаев каза болду. Маалыматты Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, милиционер эки-үч күн мурда ооруканага түшүп, дарыланып жаткан. Азырынча ал эмнеден көз жумганы айтыла элек. Шаардык милиция учурда медицина кызматкерлеринен так маалыматты алып жатканын билдирди. Эркин Жаанбаев коронавирустан каза таптыбы? Бул боюнча эмнеге ачык айтпай жатышат?..
Белгилей кетсек, үсүтбүздөгү жылдын 17-июнунда саат 20:00 чамасында Бишкек шаарындагы Шлагбаум деп аталган аймактагы ашкананын ичинде 36 жаштагы киши жарандык никеде жашаган аялын барымтага алган. Ал жакка кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган. Ал бычагы бар эркек киши менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылган. Барымтага алынган аял кыйкырган учурда, милиция кишинин колундагы бычакты кармап калган. Бул учурда милиция кызматкерлери жаракат алган эмес. Кийинчерээк барымтага алынып, бычак жеген 27 жаштагы келин каза болуп калган.