Ээнбаш Эмилбек Кимсановду кимдер тукурууда?
Мурдагы бажычы Эмилбек Кимсанов ээнбаш балдар менен топтошуп, Молдомуса Конгантиевдин уулун топтой тепкилешкен эле. Жыйынтыгында, Автандил Конгантиевдин ден соолугуна катуу залал келип, бир топ күн ооруканага жатканы эсибизде. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Эмилбек Кимсанов камакка алынган. Ага чейин бул эргул жөн жүрбөй, ортодон Райым Матраимовго ар кандай жалааларды жаап, коомчулук астында каралоого далалат жасаган. Бирок, анын көө сүйкөгөн жоруктары суу кечпей, эки ортодо өзү гана жаманатты болгону ырас. Түрмөдө жатып алып да ар кандай шоуларды уюштуруп, кайра эле Райым Матраимовго жакындары аркылуу жана фейктер менен асылууга далалат кылып көрдү. Мунусу да коошпой калды. Өңү-башы көрүнбөгөн бирөөнүн тепки жеп жатканын Эмилбек Кимсановго окшоштурушту. Ал видеодо ким экени так билинбейт. Эгер өзү болсо, анда камактан да жөн жүрбөй сабалып аткандагысыбы? Бул боюнча укук коргоо органдары дыкат текшерип, аягына чыгышса керек. Баса, Эмилбек Кимсанов кимдир бирөөлөрдүн куралы болуп, Райым Матраимовго баткак чачыратууну “кесипке” айлантпай, жаза мөөнөтүн татыктуу өтөп чыгууну ойлонбойбу? “Бүкүрдү көр түзөйт” демекчи, түрмө деле айрым адамдарга тарбия берет го? Же бул эргул сабак албайбы?..
Aryba.kg