Жунушалиевдин интригадан башы чыкпаган кадры Өскөнбаев качан камалат?
ИИМдин ичинде ички коопсуздук иликтөө башкармалыгы бар. Азыркы күндө бул башкармалыктын жетекчилери Талант Акматовго жана анын орун басары Конок Өскөнбаевге карата кылмыш иштери ачылып, УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөө бөлүмүндө тергөө амалдары башталганы бизге маалым болду. Бизди кызыктырган жагдай, эмне үчүн бул башкармалыктын жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык жасап, мыйзамсыз көрүнүштөргө жол берип жатышса, башкы көзөмөлдөөчү органдар тергөө амалдарын создуктуруп жатышат? Түшүнүксүз.
Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде бул башкармалыктын орун басары Конок Өскөнбаевге карата кызматынан кыянаттык менен пайдаланган факты боюнча ИИМдин башкы штабы кызматтык иликтөө жүргүзүп, юридикалык баа берүү үчүн башкы көзөмөлдөөчү органга жиберилген. Жогорудагы факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, УКМКнын Бишкек шаардык тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Бул жетекчинин кетирген катасы. 2019-жылдын 7-апрель комендаттык сааттын эрежесин бузуп, жанына жөнөкөй жаранды салып алып, рейд иш-чараларына аралаштырып, ИИМдин кызмат өтөп жаткан кызматкерлерин видеосъемкаларга тарттырып жүргөндүгү жана ошол убакта ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерин “ичип алды” деген таризде дал ошол жөнөкөй жаранга тасмага тартырып, соцтармака чыгартканы кандай? Кызыгы, ошол жанында жүрүп ИИМдин кызматкерлерин тасмага тартып жүргөн Рустам аттуу жаран 2019-жылдын 23-октябрында Бишкектин Москва-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен “Мадина” соода-сатык жайында иштеп жүргөн А.К. аттуу кытай жаранын Чүй ОИИБнын 10-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери А.У. жана Н.К. чогуу уурдап барышып, көп акча талап кылышып, бул кылмыш иши боюнча жоопко тартылбай, Конок Өскөнбаевдин жанында тайрандап жүргөнү эмнеден кабар берет? Жогорудагы адам уурдо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Свердлов РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан үч жаран кармалып (бири ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын сакчысы болуп жүргөн), эми жогорудагы кызматкерлер жоопко тартылбай жүргөндүгүн кандай түшүнсө болот? Кылмышка шектүү жарандарды калкалап жүргөн Конок Өскөнбаевдин былыктарына Кашкар Жунушалиев качанкыга чейин көз жумат?..
"Азия Ньюс" гезити