Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жубайынын колунан ажал тапкан айдоочу

Жубайынын колунан ажал тапкан айдоочу

18-июнь, 12:36
826 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарында жолдошун арматура менен чаап өлтүргөн келиндин кылмыш ишин Ош облустук соту карап, шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
 17-июнь күнү Ош облустук сотунун жазык жана жорук иштери боюнча соттук коллегиясы жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) 3-бөлүгүнүн 1-пункту менен айыпталган П.Г.нын кылмыш ишин карап, Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 5-март күнү кабыл алган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Мындан сырткары, соттолуучуга Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына карата мунапыс берүү жөнүндө мыйзамы колдонулуп, белгиленген жазасынын үчтөн бир бөлүгүн кыскартуу чечими кабыл алынды.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну П.Г. каза болгон күйөөсүн акыркы сапарга узатуу учурунда кармалганын жазган. Адам өлтүрүүгө шектелген келин боз үйдө ыйлап отурган.
Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө келин күйөөсүнүн башына арматура менен чапканын мойнуна алган. Буга чейинки тергөөнүн жүрүшүндө маркум — 1973-жылы туулган И.Ү. өзүнүн жубайы менен пикир келишпестиктен улам начар мамиледе болгону аныкталган.
 Маркум 19-ноябрда болжол менен саат 23:30 чамасында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы арматура менен үч жолу башына чапкан. Оор абалда жаткан жабырлануучуга тез жардам кызматын аялы жана кошунасы чакырган. Шектүү кылмышын жашырып, кошунасына жолдошу сырттан жаракат алып келгенин айткан.
Маркум Ош шаардык ооруканасында операция учурунда каза болгон. Ал 4 баланын атасы болчу (биринчи жана экинчи жубайынан).

 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер