Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Кордук көргөн аял күйөөсүн бошотууну өтүнүүдө
Кордук көргөн аял күйөөсүн бошотууну өтүнүүдө
15-июнь, 12:33
473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Социалдык тармактарга аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Андагы аял күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазды жана ал күйөөсүн бошотууну өтүнгөн. МаалыматтыSuper.kg порталына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташкан.
"Күйөөсү Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З.11-июнда Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 13-июнь күнү Сузак райондук сотунун судьясы тарабынан 15 күнгө камакка алуу чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай, жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип, тосмо арыз жазды. Аял жолдошун бошотууну өтүнгөн, бирок тосмо арыз жазганына карабай, бул иш тыкыр иликтенип, тергөө иштери жүрүп жатат" деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү.