Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бишкекте 1,5 млн сом боюнча алдамчылык үчүн 19 жаштагы кыз кармалды
Бишкекте 1,5 млн сом боюнча алдамчылык үчүн 19 жаштагы кыз кармалды
12-июнь, 14:24
979 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Бишкекте бир адамдын 1,5 миллион сомдон ашуун акчасын терминал аркылуу алдап, тартып алган” деген шек менен 19 жаштагы кыз кармалып, эки айга №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу 12-июнда “Азаттык” радиосуна борбор калаанын Биринчи Май райондук милициясы кабарлаган.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 8-июнда милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, өзүн “Форекс” деген биржалык компаниянын өкүлү катары тааныштырган эки адам “келечекте кирешенин 40-50 процентин төлөп беребиз” деген убада менен 1 миллион 615 миң сомун алып, дайынсыз кеткени тууралуу арыз жазган.
Арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 204 (“Алдамчылык”) беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталды.