Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сегизбаев менен Сүйүмбаевдин эркиндикте жүрүшү – мамлекеттүүлүк үчүн коркунучтуу!

Сегизбаев менен Сүйүмбаевдин эркиндикте жүрүшү – мамлекеттүүлүк үчүн коркунучтуу!

12-июнь, 13:30
1 460 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый куугунтукту жүргүзүүгө, контрабанда, коррупция ж.б. бир топ мыйзамсыз иштерге коомчулук тарабынан шектелген Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүмбаев эркиндикте жыргап жүрүшкөнү көпчүлүктү таңгалдырып келет. Алгач булардын камалуусу боюнча маселе жаралып, бирок кайра иш оңунан чыкпай калган имиш. Айрым кептер боюнча алганда, Сегизбаев менен Сүйүмбаевде мамлекеттик сырлар, бир топ таасирдүү адамдарга карата компроматтар болгону үчүн кылдары кыйшайбай жүрүшөбү? Оор кылмыштарга шектүүлөр катары суудан кургак чыгып кетишсе, анда учурдагы укук коргоо органдарынын жетекчилери да каалагандай мыйзам бузушуп, аягында өлкөгө коркунуч жаратышары, келечекте камырдан кыл сууругандай жоопкерчиликтен качып кетишери ажеп эмес. Андыктан, мыйзам баарына бирдей болгондой эле экөөнүн өтмүшү казылып, тыкыр текшерүүлөргө алынышы зарыл. А болбосо мамлекеттүүлүккө коркунуч келет! Тилекке каршы, демократтарга, ачык ой-пикир айткандарга куугунтук жасабай, “мите курттардын” жазаланышын маанилүү катары көрсөк болбойбу?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер