Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » СССР убагы болсо, Жунушалиев менен Ниязбеков атууга кетет беле?..

СССР убагы болсо, Жунушалиев менен Ниязбеков атууга кетет беле?..

11-июнь, 23:19
2 557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия Ньюс” гезитинин 21-майда чыккан санындагы макалада ИИМдин коопсуздук кызматындагы терс көрүнүштөрдү ачыктаганбыз. Бирок, ИИМдин басма сөз кызматы коомчулукту башка нукка буруп, жалган айтканга үлгүрүшкөн. Биз фактыга таянып жазган макалалар өз ордун таап, бүгүнкү күндө УКМК тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду.

Акыркы убакта кыргыз милициясынын тарыхында буга чейин болбогон терс көрүнүштөгү окуялар дал ушул министр Кашкар Жунушалиев башкарган мезгилде болуп жатканы кандай? ИИМдин 7-башкы башкармалыгынын ичинде тыңшоо башкармалыгы бар. Бул башкармалык ИИМдин жашыруун (гриф секретно) коюлган белги менен иштейт, же атайын иштеп чыгылган жашыруун буйруктун негизинде кызмат алып барат. Тилекке каршы, бул башкармалыктын жетекчиси мурда оперативдик кызматтарды аркалабай, К.Жунушалиевдин сабатсыздыгынын негизинде дайындалып калып, кыргыз милициясын коомчулукка уят кыла баштадыбы? 

Акыркы убакта Эмилбек Кимсанов аттуу кылмышка шектүү жаран соцтармактарга ар кандай телефон сүйлөшүүлөрдү чыгарып келген. Кимсанов Эмилбек ким? Ал бирөөлөрдүн заказын аткарып, каралап, камактан эптеп чыгып кетүүнүн айласын таппай жүргөн беле? Дал ушул адам менен ИИМдин тыңшоо башкармалыгынын башчысы Улан Ниязбеков телефон аркылуу сүйлөшүп, “сенин кылмыш ишиңди бүтүрүп берем” деп бир эле өзү аралашпастан, ИИМдин тергөө башкармалыгынын башчысы Айткурманов Сыргакты да сүйлөшүүгө кошуп, бул кылмыш ишин бүтүргөнгө аракет кылышканын кандай түшүнсө болот? Ушундай ИИМдин чоң жетекчилери коомчулукка уят болуп, өздөрү кылмыш жасап жатышса, министр мырза баш болуп үн катпай отурганы кандай? Бул телефон сүйлөшүүлөрдө кылмыштын курамы даана көрүнүп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатканы жана Э.Кимсановдон көп суммадагы акча алгандыгы далилденеби? 

Министр мырза эмне үчүн кызматтык иликтөө жүргүзбөй, жогорудагы кызматкерлерине чара көрбөй атканы белгисиз. Бул жерде жетекчи өзүнүн функционалдык милдетин билбесе, УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев рекция кылып, Улан Ниязбековго карата чара колдонуш керек эле, туурабы? Же “табакташ” болуп калышканбы? Себеби, тыңшоо башкармалыгы алар менен байланыштуу, о.э. жашыруун буйрукту одоно бузуп келишкенби?.. 

Кашкар Жунушалиев менен Улан Ниязбеков Кой-Таш окуясына таянып алышып, жүздөй жарандардын укугун бузушуп, соттун уруксаты жок СМС байланыштарын уюлдук компаниялардан алышып, ГУУРдун опер кызматкерлерине вотсап аркылуу таратып беришкени аз күндө жумурай журтка ачыкталабы? СССР убагы болсо, мындайлар атууга кетишет беле?.. Экөө тең опер кызматкер болуп иштешпегени үчүн ушундай шалаакылыкка барышканбы? Мындай көрүнүшкө ким күнөөлүү? Булар бийликтин жүзүн ачып, аларды уят кылган кербезиби? Суроолор көп... Түйүн чечилет... Аз күндө кө-өп былыктар ачыкка чыгат...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер