Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Батукаевди качыргандар качан жазасын алышат?

Батукаевди качыргандар качан жазасын алышат?

11-июнь, 18:28
909 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбековго,

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору О.А.Жамшитовго


Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович!

Өзүңүздөр билгендей, 2006-жылы кыргыз коомчулугу менен бирге Бакиевдин режимине каршы күрөшүү багытында укук коргоо органдарынын ардагерлеринин “Кылым жолу” бириккен коомдук уюму (2437 мүчөсү) эл менен бирге күрөшүп келгендигибизди жалпы кыргыз эли билет. 

Урматтуу Сооронбай Шарипович, биз сиздин коррупция менен күрөшүп жатканыңызды колдойбуз жана жардам берүүгө даярбыз. Сиз дайыма эл менен жолукканда “коррупция менен күрөш катуу жүрөт, эч кимди аябайбыз” деп айтып келесиз. Аныңыз туура, бирок, биздин чоң чиновниктерибиз жана сотторубуз сизге жардам берүүнүн ордуна сиз жүргүзгөн саясатка каршы, тескери иштерди жасап жаткандарына күбө болуп, эл менен кошо кыжырланып келебиз. Биз сизди колдоо иретинде мындан кийин кээ бир терс көрүнүштөгү иштерди сизге жана коомчулукка жеткирип турууну чечтик. 


Урматтуу Сооронбай Шарипович! 

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович! 

Биз сиздер менен кошо Алмазбек Атамбаев бир канча кошоматчы чиновниктердин башын кошуп, уюшулган кылмыштуу топ түзүп, алты жыл бою кыргыз элинин байлыктарын тоноп, уурдап, бир канча миллиондогон долларды (кыргыздын улуттук валютасына которгондо бир канча миллиарддаган сомдорду) сыртка чыгарып кеткендерине күбө болдук. Мисалы, биздин анализ боюнча ТЭЦтен кеткен 11 миллион доллар Атамбаев тобунун үлүшү Гонконгго которулуп (илгери пираттардын өлкөсү болгон), ал жактан товар менен Кыргызстанга 52 жолу самолет менен ташылып келгенби (?) деп ойлойбуз. (52-рейстеги самолет Дача-СУга кулап, бир канча адамдын өмүрүн алган). Андан ары биздин коңшу мамлекеттерге кетип, легалдаштыруу болгонбу? Убакыттын өтүшү менен биздин укук коргоо органдары кыргыз элине так маалымат бериши керек. Атамбаевдин убагында жакшы иликтенбестен, тескерисинче, жашырылып келген. 

Уурдалган байлыктарды таап келүү башкы прокуратура, УКМК, ГСБЭП, финансылык чалгындоо кызматтарынын негизги милдеттеринин бири катары айтаар элек. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок. Анда бул мекемелердин бизге кереги барбы? Себеби, эл күтүп жатат, качан, кайсы жерден, канча байлыктарды таап келишет (?) деп. Анткени башка мамлекеттердин кызматтары бир канча миллион-миллиард долларларды таап келип жаткандарына күбө болуп жатпайбызбы! Тескерисинче, биздин чиновниктер уюшуп алып, “мыйзамдагы ууру” Батукаевди (10 миллион алышкан деген маалымат эл арасында айтылып жүрөт) качыргандарына бүткүл дүйнө жүзү, ошонун ичинде кыргыз эли күбө болбодукпу? 


Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович!

Бул ишти өзүңүздөр көзөмөлгө алыңыздар. Себеби, бизге жеткен маалыматтарга караганда, тергөө менен кызматташкан деген себеп менен аз мөөнөткө, шарттуу жазага тартып, кээ бирлери айып пул менен жазаланат экен (!) деп угуп жатабыз. Эгер саткын сотторубуз коррупционерлерге ошондой чечим чыгарышса, мамлекетибизге көө жабылат. Бөтөнчө Атамбаев, Табалдиев, Рысалиев, Качкыналиевдер чоң мөөнөткө жазаланышы керек. Жок дегенде Батукаевдин калган 8,5 жыл мөөнөтүн ар бири түрмөдө өтөп чыгышы керек да. Зарылбек Рысалиев тергөө менен кызматташкан эмес, качан гана өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлери моюндарына алып, Рысалиевге көрсөтмө беришкенден кийин айла жок, жасаган кылмышын мойнуна алган. (Мисалы, тергөө учурунда Рысалиевди Качкыналиев менен беттештиргенде келмеси оозунан түшүп, тергөө учурунда жыгылып калганына бүт кыргыз эли күбө болгон). 

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович! Биздин ардагерлер такыр түшүнө албай жатат, себеби, Батукаев боюнча тергөө 2019-жылдын октябрь айынын башында бүткөн. Эмне себептен кылмыш-процессуалдык кодексинин беренелерин бузуп, он алты чиновниктин ишин сотко жөнөтпөй жатасыңар? Буга ким жооп берет? Эмне үчүн бир ишти экиге бөлүп салдыңар? Жогорудагы суроолорго коомчулукка гезит аркылуу жооп берип коюңуз. Сиз билесизби, А.Батукаев Кыргызстандагы эң коркунучтуу кылмышкер болгон. Ал бир канча кыргыз жарандарынын кулактарын кесип салганын, Жогорку Кеңештин депутаты, комитеттин төрагасы Тынычбек Акматбаевди, жардамчысы А.Алыкуловду, биздин кесиптештер, полковник Полотов Икматуллону, полковник Оморов Таласбекти мыкаачылык менен өлтүрүшүп, аялдарын жесир, балдарын жетим калтырышканын? Анан кантип биз, ардагерлер жана коомчулук жогоруда аталган адамдарды жеңил-желпи жаза менен эркиндикке чыгарабыз?! Биз ага жол бербешибиз керек!

Кызматташуу деген эмне? Кызматташуу ар кандай деңгээлде болот. Тергөө башталганда коррупциялык схеманын кантип түзүлүп, кандай жол менен аткарылганын биринчилерден болуп толук айтып берсе, “тергөө менен кызматташтык” деп атасак болот. Кол алдындагы кызматкерлер жетекчилерине көрсөтмө бергенден кийин айла жок кылган иштерин моюндарына алгандыгын “тергөө менен кызматташтык” деп атоого мүмкүн эмес. Ошону эске алып койгула! 

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович, жогоруда Батукаевдин иши боюнча чоң чиновниктердин баары узак мөөнөткө жазаланышы керек (!) деп талап кылабыз. Андан тышкары, ар кимисинин мамлекеттик орден-медалдары, чиндери алынып салынышы керек. Анткени булар кыргыз элинин намысын тебелеген, алты жыл бою моюндарына албай, жоопкерчиликтен качып келген чыккынчы коррупционерлер!

Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизге ыраазычылык билдиребиз. Сиз эл үнүн угуп, көзөмөлүңүзгө алгандан кийин тергелип бүтүп, бүгүнкү күндө 19 кызматкерлер күнөөлөнүп, асты сотто каралып жатат. Калгандары тез арада сотто каралып, узак мөөнөткө Батукаевдин “камера-жатаканасында” болушат деп ишенебиз!


Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдар ардагерлеринин “Кылым жолу” коомдук бирикмеси


P.S. Редакция тарабынан кайрылуунун жообун башкы прокуратурадан күтөбүз жана коомчулукка билдиребиз!

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер