Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, кыйноо, өлтүрүүлөр качан азаят?

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, кыйноо, өлтүрүүлөр качан азаят?

10-июнь, 17:37
1 347 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Негизинен Кыргызстанда жылына 12 миңден ашуун адам үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча зомбулукка кабылгандардын 95%ы аялдар. Атап айтканда, кызыл камчы жолдошунан таяк жеп, бети-башы көгөрүп жүргөн аялдар көп. Бирок анын баары эле ачыкка чыга берүүдөн тартынат. Канчалык иштер жасалып, аракет кылынган менен мунун тамыры өтө терең болгондуктан, көйгөй чечилбей келет. Карантин жарыяланган учурда да аялдарга зомбулук күч алганы байма-бай жазылып, айтылып жатты. Бул – коом оорусу. Адамдардын акыл-эси болуп көрбөгөндөй жетилген деңгээлдебиз. Өзүбүздү өнүктүрүүгө миңдеген каалгалар ачылып, күтүп турат. Бирок, адам уулу адам боло албай, өз канынан жаралган балдарынын энелерин өлтүргөндөр арабызда жүздөп жашап жүрүшөт. Бүгүнкү биз сунуштай турган эки оор окуянын каармандары арабызда. 


Чырактай келиндин жүрөк титиреткен өлүмү

Баткен райондук соту Баткен айылында өз аялын өлтүрүүгө шектелген адамдын ишин карап, өкүм чыгарды. Бул тууралуу “Турмуш кж” сайтына Баткен райондук соту иштин материлдарын карап чыгып, айыпталуучуну кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“киши өлтүрүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты. 


Айыпталуучу ким?

Кылмышка шектелген Шыдырбек (аты өзгөртүлдү, С.Ш.А.) 1989-жылы Баткен айылында туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. 2015-жылы ээнбаштык беренеси менен айтыпталып, 4 жылга эркинен ажыратылып, 2 жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Убактылуу эч жерде иштебейт.


Эмнеге айыпталууда?

Тергөөнүн маалыматына караганда, Шыдырбек 2015-жылы Араван районунун Ак-Шор айылында 1993-жылы туулган Наргиза (аты өзгөртүлдү, А.Н.Т.) менен баш кошкон. Экөө 1 кыз, 2 уулдуу болушкан.

2020-жылдын 2-январь күнү саат 18:00 чамасында жубайы Төө-Моюн айылына ата-энесинин үйүнө барууну сунуштаган. Бирок Шыдырбек акча таап алып бара турганын айткан. 3-январь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында өзүнүн «Мерседес-Бенц» унаасын көчөгө айдап чыгып, үйүнө мас болуп кайтып келген. Андан кийин аялын жана балдарын унаасына салып, өз ата-энесине үй-бүлөсүн Төө-Моюндагы кайын журтуна алып барарын айтып, алдап чыккан. Бирок ал айылга барбай, унаасынын ичинде, жаш балдарынын көзүнчө аялын эч себепсиз муштум менен башка жана денесине уруп, бычак менен “өлтүрүп салам” деп коркутуп, кайра өзү жашаган Баткен шаарындагы үйгө алып келген.

Үйгө келгенден кийин балдарын чоң атасы менен чоң энесинин бөлмөсүнө киргизип коюп, өзүнүн бөлмөсүндө аялын сабаган. Аны өзү кийип жүргөн аскердик бут кийими (берц) менен башка, кабыргага тээп, муштуму менен уруп, «башка бирөө менен жыныстык катнашта болуп жүрөсүң» деген шылтоо менен атайын кайнатылган ысык сууну санына, тактап айтканда, жыныстык мүчөсү тарабына куюп кыйнап, оор жаракат келтирген. Аялы алган оор жаратынан улам өлүп каларын билип туруп, өзүн актоо максатында анын кыйналып жаткан жеринен маскаралап, колдонуп жүргөн телефонунун камерасын жандырып коюп, аныкталбаган жагдайлар менен айыптап, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Өзүнүн кылмыштуу аракетин жаап-жашыруу максатында маркумдун үстүндөгү кан болгон кийимдерин алмаштырып, бекитип койгон. Андан кийин телефон аркылуу Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын “тез жардам” кызматына телефон чалып, аялы эс-учун жоготуп койгондугун айтып чакырган. Бирок, “тез жардамды” күтпөстөн, аялынын жансыз денесин өзүнүн унаасына салып алып, Баткен облустук ооруканасына жеткирип, анын богок оорусу козголуп, деми кысылып кыйналгандан улам алып келгенин айтып, кылмыштуу аракеттерин жаап-жашырып турган жеринен кармалган.


Экспертизанын жыйынтыгы

Баткен облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун 2020-жылдын 3-февралындагы корутундусуна ылайык, маркум Наргиза башынан жаракат алып, кабыргасы сынып, бети, колу-буту көгөргөндүгү такталган. Сол саны жана сол жамбашы кайнак суудан улам күйгөн. Денесине келтирилген жаракаттарды Наргиза өлүмүнөн мурда, 12 сааттан ашпаган убакыт аралыгында алган. Бул жаракаттар жана башынан алган оор жаракаттары анын өлүмүнө себепкер болгон.

Ош облустук соттук-психиатриялык экспертизанын 2020-жылдын 13-февралындагы корутундусуна ылайык, айыпталуучу Шыдырбек кылмыш жасап жаткан учурда өзүнүн аракетине жооп бере алган, акыл-эси соо экени аныкталган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер