Бала бакчанын ээси 1 жаштагы кызды жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүп алган
Украинанын Запорожье шаарындагы менчик бала бакчанын ээси 1 жаштагы кызды жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүп алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Окуя 29-майда болуп, жерине чакыртылган "тез жардам" кызматы наристенин каза болуп калганын аныктаган. Ошол эле күнү укук коргоо органдары 51 жаштагы бала бакчанын ээсин камакка алган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү аял 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Окуя аталган бала бакчанын видеокөзөмөлүнө түшүп калган. Анда көрүнгөндөй, аял наристени алгач диванга жаткырып, бетине жаздыкты жаап туруп байлап, андан соң башка бөлмөгө көтөрүп кеткен. Кылмышка шектүү аял наристе тынымсыз ыйлаганын жана кусуп жибергенин айтып, актанууга аракет кылган. Ал видеонун жарымын жок кылууга жетишкени менен башка жакта сакталып калган видео аркылуу ага "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши ачылган.
Кийин белгилүү болгондой, шектүү үч бөлмөлүү үйдү менчик бала бакча катары иштетип келген, бирок ага тийешелүү документтери да, уруксаты да жок болуп чыккан.