Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адам өлүмү менен коштолгон каргашалуу кырсык

Адам өлүмү менен коштолгон каргашалуу кырсык

06-июнь, 15:02
580 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сокулук районунун Совхоз-Фрунзе айылында «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаа менен «КамАЗ» кагышып, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу 5-июнда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болду. 3 аял, 1 эркек жана 1 жашка толо элек наристе жаракат алган. Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, алар ооруканага жеткирилди.

Жаракат алгандар:

- 1980-жылы туулган аял;

- 1966-жылы туулган аял;

- 1960-жылы туулган аял;

- 1968-жылы туулган эркек киши;

- 2020-жылы туулган наристе.
Дарыгерлердин айтымында, сыныктар бөлүмүнө ар кандай жаракаттар менен 1966-жылы туулган Ж.Г., 1968-жылы туулган Ж.И., 2019-жылы туулган Х.И. түшкөн. Учурда алардын абалы орто оор деп бааланууда.
Жандандыруу бөлүмүнө жеңил унаанын айдоочусу — 1967-жылы туулган К.А. жана 1980-жылы туулган И.Б. түшкөн.
 4-июнда Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагында чөп ташып бара жаткан жүк ташуучу унаанын бир дөңгөлөгү жарылып, жол жээктеги сарайды сүзгөнү кабарланган. Анын кесепетинен аталган жүк ташуучу унааны артында бара жаткан «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен «Тойота Ипсум» унаасындагы 2 жүргүнчү оор жаракат алган. Мындан тышкары
, болжол менен 1 жаштагы баланын буттары күйүп калган.

«Тойота Ипсум» унаасында болжол менен айдоочудан тышкары 6 жүргүнчү болгон.
 

 Турмуш кж

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер